Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Россия Ислам институтунун ректору Рафик ажы Мухаметшин менен жолугушту

Бүгүн, 27-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Россия Ислам институтунун ректору Рафик ажы Мухаметшин менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Медер Карабеков, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин 1чи секретары Байбек Канатбеков, элчиликтин кеңешчиси Аскат Алиев жана КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев катышып, Кыргыз Республикасынан келген студенттер үчүн квотаны көбөйтүү маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынан барган делегацияга институттун ректору окуу жайдын ишмердүүлүгү  жана кадрларды даярдоо багыттары жөнүндө кеңири айтып берди. Муну менен катар РИИнин эл аралык ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымдап, бүтүрүүчүлөрдүн дүйнөлүк деңгээлдеги эң ири мусулман билим берүү мекемелеринде магистратура жана докторантурада окууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгиледи.

“Биз Мароккодогу Аль-Карауин, Аль-Азхар сыяктуу жана Эмираттардын Университети менен келишим түздүк. Биздин эң мыкты бүтүрүүчүлөрүбүз магистратура жана докторантура программаларында окуусун улантуу үчүн ушул окуу жайларга жөнөтүлөт. Биз жыл сайын Мароккодо араб тилин үйрөтөбүз. Өткөн жылдан бери Түркиядагы ири тил борбору менен келишим түздүк”, — деди РИИнин ректору.

Ал эми Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев биргелешкен кызматташтык илим жана билим берүү жаатында тажрыйба алмашууну бекемдеп, КМДБнын алдындагы диний окуу жайлар менен тыгыз иштешүүнү жөнгө салуу керектигин билдирди.

Андан соң делегация  институттун имараты менен таанышып, китепкананы, Араб каллиграфия борборун жана Татарлардын Исламдык билим музейи менен таанышып чыгышты.