Караколдогу «Ислам таануу» окуу борборунда айымдарга окуу курсу уюштурулду

Каракол шаардык хатибиятынын алдындагы «Ислам таануу» окуу борборунда кыз-келиндер арасында окуу курсу уюштурулду.

Эки айлык окуу курсуна 13 катышуучу “Муаллим сани” аттуу китептин негизинде Куран окуганды үйрөнүшүп, казыят тарабынан кыз-келиндерге сертификат тапшырылды.

Казыяттын үгүт-насаат жана билим берүү адиси Талгат Соноев окуу курсунда илим алуунун зарылдыгына токтолуп, мындай окуулар байма-бай өткөрүлүп тураарын кошумчалады.

“Илим бул түгөнгүс байлык. Илимди Алла Таала өзү жакшы көргөн адамга насип кылат. Пайгамбарыбыз (С.А В) айтты: илим алуу ар бир мусулман аял эркекке парз. Илимди алганда кийин ага амал кылуу керек”,-деди Соноев.