Эки элдин достук жана кызматташуу алакалары бекемделет. Мындай пикир Кыргызстан жана Татарстан Республикасынын Азирети Муфтийлеринин жолугушуусунда айтылды

Бүгүн, 27-апрелде Казан Кремлинде Татарстан Республикасынын Азирети Муфтийи Камил ажы Самигуллин менен Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев жолугушуп, эки бир тууган элдин жана республикалардын диний уюмдарынын ортосундагы кызматташтык жана достук байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

Муну менен катар тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөшүп, Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы бул жаатта кызматташууга даяр экендигин билдирди.

“Кыргызстан жана Татарстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыктарынын алакалары дайыма бекем болуп, достугубуз артып келет. Мен ишенем, биздин байланышыбыз жана мамилелерибиз мындан дагы бекемдейт. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ар тараптуу кызматташууга даяр”,-деди Жоробай ажы Шергазыев.