Балыкчы шаарында Чернобыль апааты эскерилип, анда дин кызматкери Дүйшөнкадыр Өмүракуновго «Чернобыль баатыры» төш белгиси тапшырылды

Бүгүн, 27-апрелде Балыкчы шаарында Чернобыль апаатынын 35 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы болду. Ага ардагерлер жана мамлекеттик кызматкерлер, шаар тургундары катышып, Чернобыль апаатынын каза тапкандарга багышталып Куран окулду.

Эскерүү иш-чарасынын алкагында Балыкчы шаарынын «Анас» мечитинин имамы, Чернобыль апаатынын ардагери Дүйшөнкадыр Өмүракуновго Украинадагы Чернобыль борбордук бирикмесинин президенти В.А. Гришиндин «Чернобыль баатыры» төш белгиси тапшырылды.

Бул каргашалуу окуянын катышуучулары ири апаат тууралуу эскеришип, ага катышкан кыргызстандыктардын эрдикке тете аракеттерин жогору баалашты. Ошондой эле мындан ары мамлекетибизде тынчтык, ынтымак жана биримдик болушун Жараткандан тилеп, дуба кылышты.

Эске сала кетсек, 1989-жылдын 26-апрелинде Чернобыль атомдук электр станциясынын 4-блогунда жарылуу болуп, ага Кыргызстандан 4 миң 800 адам барып катышкан. Ал эми Балыкчы шаарынан 13 ардагер барган.