Каракол шаарындагы жардамга муктаж 50 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Бүгүн, 27-апрелде Каракол шаарынын хатиби Талант ажы Сабриков тарабынан уюштурулган кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү. Иш-чара Каракол шаарынын тургуну жана жеке ишкердин демөөрчүлүгү тарабынан ишке ашырылган.

«Оң колуң берген садаканы сол колуң көрбөсүн» деп өздүгүн ачыктагасы келбеген жеке ишкер соопчулук ишине жалпы 100000 сом бөлгөн.

Бул каражатка азык-түлүк сатылып алынып, 50 үй-бүлөгө 2000 сомдук тамак-аш азыктары таратылды. Ар бир үй-бүлөгө 10кг ун, күрүч, май, макарон, чай- туз, кумшекер жана шириндиктер берилди.