Азирети Муфтий селден жабыр тарткан Ак-Терек айылынын тургундары менен жолугушуп, кырсыктан жабыркаган айыл имамына акчалай жардам көрсөттү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Баткен облусуна болгон «Ыйман кербени» аттуу иш сапарынын алкагында Лейлек районунун Ак-Терек айылындагы селдин кесепетинен жабыр тарткан үй-бүлөлөрдөн кабар алды.  Азирети Муфтий жергиликтүү тургундарга бул сыноо экендигин айтып, Алла Тааладан мындай кырсыктардын болбоосун тилеп дуба кылды. Андан соң Ак-Терек айылынын  имам хатиби Жыргалбек  Момуновдун үй-бүлөсү менен жолугушуп, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын атынан 100 миң сом акчалай жардам тапшырды.

Селден жабыр тарткандар жашоочулар  менен жолугушууга Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев, Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев, КМДБнын жана Баткен облустук мусулмандар  казыятынын кызматкерлери, Лейлек жана Сүлүктү шаарынын баш имам хатибдери катышты.

«Мал-мүлк табылат, эң негизгиси жаныңыздар аман болсун. Биз  бул үчүн шүгүр кылалы!  Алла Таала мындан кийин элибизди ар кандай кырсыктардан  сактасын. Сиздерге сабырдуулук тилейбиз жана Жараткандан жакшылыктарды сурайбыз»,-деди Азирети Муфтий.