Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облус казылары жана имамдар менен жолугушуп, көйгөйлөр менен таанышты

«Ыйман кербени» аттуу иш сапарынын алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Баткен облустук казыятында Талас, Жалал-Абад, Ош облусунун, Ош шаарынын жана Баткен облусунан мусулмандар казылары менен жолугушуп, аймактагы диний кырдаал, казыяттардын ишмердүүлүгү, мечиттердин каттоосу, терс диний агымдардын алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштердин отчётторун укту. Муну менен катар Азирети Муфтий калк арасындагы шарият маселелерине тиешелүү көйгөйлүү маселелер менен таанышты.

«Ар бирибиз берилген тапшырмаларды өз учурунда аткаруу менен жоопкерчиликти күчөтөлү. Калк менен тыгыз иш алып барып, түшүндүрүү жана агартуу жаатында сабактарды, баяндамаларды жасайлы. Жаштар менен иштешип, алардын ыйманын бекемдейли. Жаштар мамлекетибиздин эртеңки келечеги. Биз, элибизге ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирүү менен аларды ар кандай азгырыктардан оолак кыла алабыз»,-деди Азирети Муфтий.

Андан соң Азирети Муфтий Баткен облусундагы жалпы дин кызматкерлери менен жолугушуп, элдин руханий жактан агаруусуна дин кызматкерлеринин салымы чоң экендигин билдирди. 

Дин кызматкерлери менен жолугушууга Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев, Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев жана КМДБнын кызматкерлери катышты.