Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары Кара-Бак айылындагы жаңы мечиттин ачылыш салтанатына катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев «Ыйман кербени» аттуу иш сапарынын алкагында Баткен районунун Кара-Бак айылындагы жаңы курулган мечиттин ачылыш салтанатына катышты. Саамалыкка президенттин  Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев, ДИМКтин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Талас, Жалал-Абад, Ош облусунун, Ош шаарынын жана Баткен облусунан мусулмандар казылары, КМДБнын кызматкерлери күбө болушуп, өздөрүнүн каалоо-тилектерин, куттуктоолорун айтышты.

Азирети Муфтий элди ынтымакка, биримдикке жана достукка чакыруучу жай мечит экендигин айтып, жергиликтүү жашоочуларды мечиттин ачылышы менен куттуктады.

«Мечит, инсандын ыйманын, адеп-ахлагын оңдой турган ыйык жай. Алла Тааланын үйүн таза кармап, келечек муундарыбызды ыймандуу кылып өстүрөлү. Мечитте уккан аалымдардын насааттарын жашообузга пайдаланып, коомубуздун, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошолу»,-деди Азирети Муфтий.