Ош облусунун Ноокат районунда сүйүктүү пайгамбарыбыздын (САВ) туулган айында мавлид окулду.
«Пайгамбарыбызды (САВ) сүйүү зарыл. Жөн эле «жакшы көрөм» деп ооз учунан айтып коюу жетиштүү эмес», – деди Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев.
Бул күнүНоокат районунун баш имам хатиби жалпы элибизди ыйманга, ынтымакка жана пайгамбарыбызды (САВ) жын дилден сүйүүгө чакырды.
« «Мавлид» — сөздүктө «туулган жер» же «туулган убакыт» деген мааниге келет. Ал эми терминдик мааниси, пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнүндө же айында жамаат менен өткөрүлүүчү иш-чара деген маанини туюнтат. Андыктан Аллага мактоо, пайгамбарыбызга салават жана салам айтып, зикир чалып, Азирети Мухаммед (САВ) даңктайлы!»,-деди Музаффар ажы Турдубаев.