Ошто улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жана жаштардын адеп-ахлагын жакшыртуу максатында жыйын өттү

Ош шаардык мусулмандар казыяты С.Ибрагимов атындагы кыргыз улуттук драм театрында «Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жана жаштардын адеп-ахлагын жакшыртуу» деген темада жыйын өткөрдү. 

Жыйынга калаанын вице-мэри Венера Рыскулова, Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери, кварталдык комитеттер, аялдардын диний окуу жайларынын мугалимдери, аксакалдар жана жалпы дин кызматкерлери катышты. 

Шаар казысы  жаштардын адеп-ахлагын жакшыртууну үйдөн баштап, ыйманга сугаруу керектигин айтып, ата-эне балдарга жакшы тарбия берүүгө милдеттүү экендигин билдирди.

Ал эми Мирланбек ажы Токтомушев жалпы элди ынтымактуу болууга чакырып, ислам дини улутка, урууга бөлбөй турганын баса белгиледи.

«Бизди кармап турган улуттук жана руханий дөөлөттөрүбүз экендигин унутпашыбыз керек. Куранда Аллах Таала: «Ырасында, бул менин туура жолум, эми аны менен гана жүргүлө; башка жолдор менен жүрбөгүлө, алар силерди Анын жолунан чыгарып салат. Силер такыба болууңар үчүн, Ал силерге ушуну насаат кылат. (Анам, 6/153)»,-деп айткан.