Ошто Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы тааныштырылды

Ошто 2021-2026-жылдагы Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын тааныштыруу боюнча жыйын болуп өттү

КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Ош шаарындагы «Ош нуру» мейманканасынын жыйындар залында  2021-2026-жылдагы Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын тааныштыруу боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйынга ДИМК төрагасы Тойгонбай Абдыкадыров, Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облусунун казысы Саидамир ажы Жейналиев, ОшМУнун теология факультетинин деканы Айтмаматов Зайлабидин, эксперттер жана баш имам хатибдер, медресе мүдүрлөрү катышты. 

«Концепцияны кыскача багыт деп түшүнөбүз. Жеке пикиримде КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы аябай жакшы иштелген. Кеңири таанышып чыккандар мени менен макул болсо керек. Буйруса 2021-2026-жылдар аралыгында ушул концепциянын алкагында салттуу Матуридилик акыйдабыз жана Ханафи мазхабы өнүгөт деп ишенем», – деди Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев.   

Жыйын суроо-жооп менен коштолуп, бир катар сунуштар айтылды.