«Азирети Умар» мечитинин имамы Нурали ажы Жолдубаев №48 орто мектебинин окуучулары менен жолугушуп, инсандын адеби боюнча баяндама жасады

Ош шаарындагы «Азирети Умар» мечитинин имам хатиби Нурали ажы Жолдубаев №48 орто мектебинин окуучулары менен жолугушуп, «Адамдын көркү-адеп» темасында  баяндама жасады. 

Нурали ажы Жолдубаев окуучуларды убакытты туура пайдалануу менен билим алууга чакырды.

«Ислам дини адеп-ахлакка чакырат. Пайгамбарыбыздын (САВ) адептүүлүгүн көрүп, көпчүлүк инсандар суктанышат эле. Ошондуктан мусулман адам адептүүлүк боюнча башкаларга үлгү болуусу керек», — деди Нурали ажы Жолдубаев.

Лекциянын соңунда окуучулар суроолорун беришип, мечит имамынан жоопторун  алышты