Музаффар ажы Турдубаев: Пайгамбарыбызды (САВ) сүйүү зарыл. Жөн эле «жакшы көрөм»,- деп ооз учунан айтып коюу жетиштүү эмес

Ош облусунун Ноокат районунда сүйүктүү пайгамбарыбыздын (САВ) туулган айында мавлид окулду.

«Пайгамбарыбызды  (САВ) сүйүү зарыл. Жөн эле «жакшы көрөм» деп ооз учунан айтып коюу жетиштүү эмес», – деди Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев.

Бул күнүНоокат районунун баш имам хатиби жалпы элибизди ыйманга, ынтымакка жана пайгамбарыбызды (САВ) жын дилден сүйүүгө чакырды.

« «Мавлид» — сөздүктө «туулган жер» же «туулган убакыт» деген мааниге келет.  Ал эми терминдик мааниси, пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнүндө же айында жамаат менен өткөрүлүүчү иш-чара деген маанини туюнтат. Андыктан Аллага мактоо, пайгамбарыбызга салават жана салам айтып, зикир чалып, Азирети Мухаммед (САВ) даңктайлы!»,-деди Музаффар ажы Турдубаев.