Азирети Муфтий Замир кары Ракиев өлкөдөгү бир катар баш имам хатибдерди ардак грамота менен сыйлады

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев өлкөдөгү райондордун баш имам хатибдери менен жолугушуп, аларга 2022-жылдагы аткарыла турган иштер, диний абал жана эл арасында түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Муну менен катар Азирети Муфтий бир катар баш имам хатибдерди ардак грамота менен сыйлап, иштерине ийгилик каалады.

«Динибиздин асыл баалуулуктарын коомчулукка жеткирүүдөгү Дин Башкармалыктын аймактагы расмий булактары, расмий кызматкерлери сиздерсиздер. Сиздер айылдагы имамдар үчүн жооп бересиздер. Ошондуктан аймактагы биздин имамдар менен тыгыз иштеп, аларга жардам бериңиздер. КМДБнын тапшырмаларын жеткирип,  эл менен дайыма жакын болуңуздар»,-деди Азирети Муфтий.