Ош облусунун казысы Өзгөн шаарынын тургундары менен жолукту

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев иш сапары менен Өзгөн шаарына барып, борбордук мечитте калаа тургундары менен жолукту. Сайдамир ажы Аллага дуба кылуунун пазилеттери жөнүндө баяндама жасап, Жаратканга көп-көп дуба кылуу зарылдыгына токтолду.

«Дуба – момундун коргону. Дуба аркылуу пенде өз алсыздыгын эстеп, эч нерсеге муктаждыгы жок Затка кайрылат. Биз эки дүйнөбүз үчүн дайыма жакшылыктарды тилей жүрүшүбүз керек»,-деди облус казысы.

Муну менен катар облус казысы Өзгөн районуна жаңыдан баш имам-хатиб болуп дайындалган Акжол ажы Бакиров менен биргеликте алдыда аткарыла турган иштердин планын талкуулады.