Өзгөндүн баш имам-хатиби Акжол ажы Бакировдун катышуусунда китепкана ачылды

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда «Биз эл үчүн» кайрымдуулук фонду тарабынан китепкана ачылып, ага Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, Өзгөн шаарынын мэри Надырбек Каримов жана «Биз эл үчүн» кайрымдуулук фондунун кызматкерлери катышты. Китепканада ар кандай жанрдагы китептердин катарында жаңыдан жарыкка чыккан эмгектерди да көрүүгө болот.

Саамалыкта Акжол ажы Бакиров илим алуунун маанилүү экенине токтолуп, жаңыдан ачылган китепкананын жарандар, айрыкча жаштар үчүн пайдалуу болорун баса белгиледи.

«Бардык эле өлкөнүн алдыга карай өсүшүнө ушундай китепканалардын салымы чоң. Орто кылымдарда ислам дүйнөсү дал ушундай китепканаларга бай болгону маалым. Келечек билимдүү, изденген, китепкөй жаштардын колунда. Китепкана салуу сообу уланып туруучу садагалардын катарын толуктайт», – деди баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров.