КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов жана КМДБнын Россиядагы өкүлү Камчатка, Сахалин, Владивасток шаарындагы мекендештер менен жолугушту

Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы  өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Россия Федерациясынын Камчатка, Сахалин, Владивасток шаарында  жашап, эмгектенип жүргөн мекендештер менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп беришүүдө.

КИУнун ректору мекендештерге ислам дининин асыл баалуулуктары, ыйман, адеп-ахлак, адал эмгек, үй-бүлө баалуулуктары, бала тарбиясы, чынчылдык боюнча баяндамаларды жасады.

«Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин тапшырмасынын алкагында  мекендештерибиздин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өзгөчө Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча маалымат берип, дин аалымдары менен биргеликте баяндамаларды уюштуруп келебиз. Чет жерде окуп, иштеп жүргөн мекендештерибиз дагы терс диний агымдардан оолак болуп, аларга туура багытты көрсөтүүбүз учурдун талабы»,-деди КМДБнын Орусиядагы өкүлү.

Мекендештер менен болгон жолугушуунун алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы  өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Россиянын «Алыскы Чыгыш»  аймагынын жана Сахалин облусунун Муфтийлери тарабынан ыраазычылык баракча  менен сыйланды.