Чоң-Алай районунда дин кызматкерлерине жыйын өтүп, анда диний сабактарды расмий имамдардын көзөмөлүнө алуу маселеси каралды

Ош облусунун Чоң-Алай районунда имамдарга жыйын өтүп, анда жаш өспүрүмдөрдүн диний билим алуусун көзөмөлгө алуу, адеп-ахлагына жана тарбиясына көңүл буруу маселелери каралды. Саамалыкка райондун баш имам-хатиби Алимбек Маматаминов, райондогу расмий имамдар жана укук коргоо органдары катышты.

«Учурда айрым мечиттерде жаш өспүрүмдөр Куранга киришүү жана негизги диний маалыматтар боюнча сабак алууда. Биз диний сабактарды КР мыйзамдарына жана КМДБнын талаптарына ылайык жүргүзүүнү камсыздашыбыз керек. Сабактар салттуу Матуриди жана Ханафи багытында өтүлүшү зарыл. Салттуу эмес багыттарга жана алардын идеяларынын жайылышына жол бербейли!», – деди Алимбек Маматаминов.

Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлү жаш жеткинчектердин түнкү сааттарда көчө таптап жүрүшү кооптуу экенин билдирип, бул жаатта түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү дин кызматкерлеринен суранды.