Ош шаарында Республикалык азан жарышынын финалдык беттеши өттү

Бүгүн, 22-январь күнү Ош шаарынын улуттук драм театрында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  жана «Мухаммед Умар» коомдук бирикмеси тарабынан Рахматулла Басировдун жаркын элесине арналган Республикалык азан жарышы болуп өттү.

Иш-чарага  Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин  орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, Баткен, Ош облусунун жана Ош шаарынын казылары, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Мурзабеков Исакбай Камалович, белгилүү дин аалымдары жана Ош шаарынын тургундары катышты.

«Азан жарышынын алкагында Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев азандын тарыхы жана азанга байланыштуу көптөгөн маалыматтары менен бөлүштү.Ал эми  катышуучулардын жол акысы жана бир күндүк мейманканасы уюштуруучулар тарабынан каржыланды»,-деди шаардык казыяттан.

Азан жарышынын финалдык беттешине өлкөнүн бардык аймактарынан тандалган 30га жакын азанчы байгелүү орундарга ат салышты.

Калыстар тобунун чечими менен аныкталган жеңүүчүлөр:


1-орун Турдалиев Бурхан — Кызыл-Кыя шаары
2-орун Камбаров Толкун кары — Ош шаары
3- орун Эрмеков Улук кары — Ош шаары

Жеңүүчүлөргө берилген сыйлыктар:
1-орунга Умра сапарына жолдомо
2-орунга ноутбук
3-орунга телевизор

Ошондой эле жалпы катышуучуларга ыраазычылык баракчалар менен бирге акчалай сыйлыктар тапшырылды.