Баткен облустук казыятында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда диний абал талкууланды

Баткен облустук казыятынын жыйындар залында  райондун баш имам хатибдери жана диний окуу жайлардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтүп,  ага  президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев, ДИМКнын өкүлү Чагылган Юсупов катышты.

Жыйын алкагында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү облустагы диний кырдаал жана терс диний агымдардын алдын алууда дин кызматкеринин ордун белгилеп, жергиликтүү бийлик жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.  

Ал эми ДИМК өкүлү Чагылган Юсупов  мечит жана диний окуу жайлардын  каттоосу боюнча маалымат берип, диний сабактарды өтүүнүн алдында облустук казыят менен макулдашуу керектигин билдирди.

“Казыяттын алдындагы башкы максат окуу жайлардагы билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, студенттерибизге бардык шарттарды түзүп берүү болуп саналат. Муну менен катар облус аймагында диний баалуулуктар боюнча элибизге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, терс диний агымдардын алдын алууда бардык аракеттерди көрүүдөбүз”,-деди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.

Жыйындын соңунда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  жана «Мухаммед Умар» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган   азан  жарышында башкы орунду камсыз кылгандыгы үчүн Бурхан Турдалиев  Баткен облусунун  мусулмандарынын кызыятынын ыраазычылык баракчасы  менен  сыйланды.