Ош шаарында айымдар үчүн «үй-бүлө баалуулугу» аттуу жыйын өтүп, ага шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев катышты

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев «Кыргызстан» кино театрында  айымдар үчүн уюштурулган жыйынга катышып, «үй-бүлө баалуулугу» темасында баяндама жасады. Шаар казысы айымдарга тарбияны үйдөн баштоо керектигин айтып, илим алууга чакырды.

«Коомду оңдоо үчүн таалим-тарбияны үй-бүлөдөн баштоо керек. Мында энелердин орду чоң экендиги талашсыз. Дарактан мөмө алуу үчүн канчалык көңүл буруп карагандай, баланын тарбиясына да катуу көңүл буруу зарыл»,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев

Жыйындын соңунда катышуучуларга Куран китебинин кыргызча котормосу жана айымдар үчүн жоолуктар белек кылынды.