Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жоокерлер менен жолугушуп, мекенди коргоо, мекенди сүйүү, ата-энени урматтоо темаларында баяндама жасады

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев №703 аскердик бөлүктүн жоокерлери менен жолугушуп, мекенди коргоо, мекенди сүйүү, ата-энени урматтоо, өз өмүрүнө кол салуунун шарияттагы орду темаларында баяндама жасады.

«Эгерде ниетиңиз элдин, жердин тынчтыгын камсыздоо болсо, анда сиздердин ишиңиздер кызмат эмес, ибадат болуп саналат. Анткени, тынчтыктын болгону үчүн мечит, медреселер иштеп, ибадат кылууга, илим алууга мүмкүнчүлүк бар. Балдарыбыз ойноп, энелерибиздин жүрөгү тынч»,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев

Жыйындын соңунда жоокелер менен шаар казысынын ортосунда суроо-жооп уюштурулду.