Өлкөдөгү баш имам хатибдер атайын окуудан өтүшүп, сертификаттарга ээ болушту

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын» ишке ашыруу максатында, дин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты, мамлекеттин башкаруу системасы, түзүлүшү, коопсуздук жана радикализм, экстремизмди алдын алуу багыты боюнча эки күндүк окутуу семинарын уюштуруп, сертификаттарын тапшырды.

Иш-чаранын негизги максаты светтик мамлекеттин алкагында мамлекет менен исламдын өз ара аракеттенүүдө академиялык аянтчаларды түзүп, диний билим берүү, саясат таануу, маданият жана тарых жаатында илимий билимди жогорулатуу болуп саналат.

Аталган иш-чарага КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, КРнын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев, КРнын Ички иштер министрлигинин өкүлү Манас Аманбаев катышты.