Талас облусунун мусулмандарынын казыяты «Ынтымак жакшылыктын көрөңгөсү, ырыстуу элдин жөрөлгөсү» аттуу иш-чара өткөрдү

Талас облусунун мусулмандарынын казыяты «Ынтымак жакшылыктын көрөңгөсү, ырыстуу элдин жөрөлгөсү» аттуу иш-чара өткөрдү. Саамалыкка Талас облусунун мурдагы казысы Таалайбек ажы Бапиев, дин аалымы Тариел ажы Абжалбеков, КИУнун ага окутуучусу Кенжетай ажы Курманкожоев, 10 кырааттын ээси Имамали кары Таджибаев, Расул Акрам Ислам институтунун окутуучусу Белек Турдалиев жана Талас ШИИБнин өкүлдөрү катышышты.

Иш-чарада дин аалымдары үй-бүлө жана балдарды туура тарбиялоо, мекенди сүйүү боюнча бүгүнкү күндөгү көйгөйлүү жана маанилүү маселелерден баяндама жасашты.  Муну менен катар суроо-жооп уюштурулуп, ага дин аалымы Тариел ажы Абжалбеков жооп берди.

Иш-чаранын соңунда облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, казыяттын атынан ыракмат айтты.