Өзгөндүн баш имам-хатиби райондук архитектура башкармалыгынын жетекчиси менен жолугушуп, мечиттердин каттоосун боюнча пикир алышты

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондук архитектура башкармалыгынын жетекчиси менен жолугуп, районго караштуу жалпы мечиттердин документтерин тактоо жана каттоодон өтө элек мечиттерди мыйзамдаштыруу боюнча пикир алышты.

Иш-чарада Акжол ажы Бакиров каттоодон өтө элек диний идараларды мыйзамдаштыруу боюнча кеп кылып, архитектуралык жагын камсыздап берүүнү сүйлөштү.  

Жолугушуунун жыйынтыгында архитектура башкармалыгы хатибиятка жакындан жардам берип, көмөктөшө тургандыгын билдирди.