Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кара-Суу айылынын тургундарына ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кара-Суу айылынын тургундары менен жолугушуп, ысырапкорчулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Облус казысы эл менен жолугушууда өлкө башчынын Жарлыгын жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынан чыккан фавта менен тааныштырып, жергиликтүү тургундарды ар кандай ысырап кылуудан оолак болууга чакырды.

«Аллах Таала Ыйык Куранда: «Жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла. Анткени Аллах ысырап кылуучуларды жакшы көрбөйт». (Араф 7:31)  Дин кызматкерлери буга чейин дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишкен, эми өлкө башчынын Жарлыгы  жана КМДБ тарабынан фатва чыкты»,-деди облус казысы.

Муну менен катар облус казысы жергиликтүү тургундарды үнөмдүү болууга чакырып, кайрымдуулук иштерин жасоого үндөдү.