Өзгөндө жергиликтүү тургундардын катышуусунда «Ыйман кечеси» уюштурулду

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы ОшТУнун Өзгөн колледжинде «Адеп башаты» коомдук фонду тарабынан Пайгамбарыбыздын (с.а.в) урматына арналган «Ыйман кечеси» уюштурулду.

Саамалыкка Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, «Адеп башаты» коомдук фондунун Өзгөн филиалынын жетекчиси Өмүрбек Бекташов жана Өзгөн районунун тургундары катышты.

Иш-чарада Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров «Пайгамбарыбызды (с.а.в) сүйүү» аталышындагы баяндамасын жасап, ислам ибадаттары боюнча маалыматтарды берди. 

«Намаз исламдын негизги тиреги. Адам баласы руханий жактан дайыма Алла Таала менен намаз аркылуу байланышта болуп турат. Биз Аллага намаз менен жакындайбыз», – деди Акжол ажы.