Жалал- Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков район, шаарлардын баш имам-хатибдерине онлайн жыйын өткөрүп, алардын отчетторун укту

Жалал- Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад облусундагы район, шаарлардын баш имам-хатибдерине  zoom программасы аркылуу онлайн жыйын өтүп, анын алкагында ысырапкорчулуктун алдын алуу маселеси талкууланды. Муну менен катар облус казысы өлкө башчынын Жарлыгынын жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгыгынын фатвасы боюнча аткарылып жаткан жумуштар менен таанышып, имамдардын отчетторун укту.

«Дин кызматкерлери ысырапкорчулуктун алдын алууда эл арасында түшүндүрүү иштерин талыкпастан жүргүзүүбүз керек. Бул жаатта атайын жыйындар дагы өттү. Муну менен катар каттоодон өтө элек мечитттердин документ иштерин тездетүүбүз зарыл. Мамлекеттик тиешелүү органдар жарламын берүүдө. Кайдыгер карабай тапшырмаларды өз учурунда аткаралы!»,-деди облус казысы.

Эскерте кетсек, облустун казысы жана баш има хатибдер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү укук коргоо органдары менен мындай түшүндүрүү иштери район, шаарларда үзгүлтүксүз жүргүзүп келүүдө.