Каракол шаарында дин аалымдарынын катышуусунда “Аалымдардан асыл мурас” аталыштагы илимий иш-чара өттү

Кечээ, 10-март күнү Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында Ысык-Көл облустук мусулмандарынын казыяты жана “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду тарабынан уюштурулган “Аалымдардан алтын мурас” аталыштагы илимий иш-чарасы өтүп, дин аалымдары  катышты.

Облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков алгач көзү өтүп кеткен аалымдарга дуба кылып, бул иш-чаранын маанилүү экендигине токтолду.

“Аалымдарыбыз бар болгондуктан ислам динибиздин асыл баалуулуктары  элибизге туура жетип жатат. Биз дагы келечек муундарыбызга жакшы тарбия берип, эң башкысы ыймандуу коомду түзүүбүз зарыл”,-деди облус казысы.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаштарды китеп окууга кызыктыруу максатында китеп көргөзмөсү уюштурулуп, белгилүү аалымдарыбыздын китептери коюлду. Мындан сырткары жаштарыбызды илимге кызыктыруу, таалим-тарбиясына көңүл буруу керектиги айтылды.