Баткенде ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча жыйын өтүп, протоколдук тапшырмалар берилди

 Баткен областтык Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын чоң залында Президент Садыр Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында жыйын өттү. Ага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим  Алимбаев, Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы  Мамасабиров, район акимдери, айыл өкмөт башчылары жана дин кызматкерлери катышты.

Жыйында үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүүдөгү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча өлкө башчынын Жарлыгын калк арасында жайылтуу жана аткарылышын көзөмөлдөө маселеси каралды.

«Президенттин жарлыгын аткарууда аксап жатабыз. Ысырапкорчулукту жоюп , маркумду акыркы сапарга узатууда салтанаттарды азайтуубуз керек. Ошондуктан биз Баткен обласын бир тартипке келтирип алалы. Бул өзүбүз үчүн жана  экономомикалык жактан да колдоо болот», — деди Абдикарим Алимбаев.

Ал эми облус казсы Нуридин ажы Мамасабиров ысырапкорчулуктун шарияттагы ордун түшүндүрүп берди.

«Өлкө башчыбыздын чыгарган жарлыгына ылайык Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын (КМДБ) фатвасы дагы чыкты. Эми мындан ары дин кызматкерлери  жана элибиз бул нерсеге олуттуу карайт деп ишенем. Адам баласы ааламдан өтүп, бирок сооп дайыма уланып туруучу үч амалы бар. Садака жарыя, таза перзент жана пайдалуу илим»,-деди облус казысы. 

Жыйын суроо-жооп түрүндө уланып, бир катар  протоколдук тапшырмалар берилди.