Ош шаарында конфессиялар жана этностор аралык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Кечээ, Ош шаарындагы «Sun Rise» мейманканасынын жыйындар залында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан конфессиялар жана этностор аралык кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлүп, анда 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу талкууланды.

Жыйында Ош облусу жана Ош шаарындагы конфессиялар жана этностор аралык кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн сунуш-пикирлерин айтышып, бир канча иштерди сүйлөшүштү.

Муну менен катар өлкө башчынын Жарлыгы жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы (КМДБ) тарабынан чыккан фатваны элге түшүндүрүү, ишембилик, спорттук жана кайрымдуулук иштер сыяктуу иш чараларды өткөрүү  каралды.

Эскерте кетсек, Ош облусу жана Ош шаары боюнча конфессиялар жана этностор аралык кеңешке диний окуу жайлар, этностор, диний уюмдардын жана жергиликтүү казыяттардын өкүлдөрү мүчө болушкан.