Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен 22 айылда эл менен жолугушууларды өткөрдү

Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев райондук администрациянын кызматкерлери менен биргеликте  райондун  22 айылындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, ашыкча чыгымдарга бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев айыл тургундарына ысырапкорчулук Алла Таалага жакпаган иш экендигин айтып, бул жатта эл менен жолугушуулар уюштурулуп жаткандыгын билдирди.

««Пайгамбарыбыз (САВ) айтты: Жегиле, садака кылгыла, кийингиле, бирок ысырап жана текеберлик кылбагыла! Аллах Таала булар жөнүндө Курани Каримде айткан: Аллах Таала аша чаап ысырап кылгандарды жана жалганчыларды туура жолго багыттабайт. (Гаафир 28) Андыктан  ысырап кылууну токтотуп,  маркумга сооп багыштоодо кайрымдуулук  иштерин күчөтөлү»,-деди Миржалал ажы Дадабаев.