Ош шаарында дин аалымдарынын катышуусунда «Ыйман кечеси» аталышындагы иш-чара өттү

Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында «Ыйман кечеси» аталышындагы Пайгамбарыбыздын (с.а.в) урматына арналган иш-чара өткөрүлдү. Дин аалымдары катышкан иш-чаранын алкагында тарбиялык мааниси терең сахналык чыгармалар тартууланып, катышуучулардын  жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алды.

Саамалыкка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, Ош шаарынын Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби Исак ажы Юнусов баштаган дин аалымдары жана шаар тургундары катышты.