Баткен облусунун Лейлек районунун жана Кызыл-Кыя шаарындагы имамдарынын катышуусунда тегерек стол өтүп, бир катар маселелер каралды

Баткен облустук мусулмандарынын казыяты  «Эл аралык толеранттуулук үчүн» (FTI) фонду  «Жаштар үнү» долбоорунун алкагында Кызыл-Кыя шаары жана Лейлек районунун имамдарынын катышуусунда тегерек стол өткөрдү.  Тегерек столго КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков катышып, мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү, өлкө башчынын жарлыгына ылайык той, аш маарекелерде ысырапкорчулуктун алдын алуу, Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик концепциясы, диний маселелер боюнча мыйзам актылары: укуктар жана милдеттер  имамдар үчүн бир канча пайдалуу маалыматтарды берип өттү. Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров өлкөбүздө  салттуу ислам динин жайылтуу, ысырапкорчулуктан арылуу туурасында баяндама жасады.

Ал эми  КР ИИМдин ЭММКАК өкүлү Манас Аманбаев  жаштар арасында экстремизмдин жана радикалдашуунун алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар тууралуу маалымат берди.

«Эл аралык толеранттуулук үчүн» фондунун Баткендеги филиалынын директору Роберт Авазбеков  аталган иш-чараны биргелешип  уюштурууда Баткен облустук мусулмандар казыятына ыраазычылыгын айтып,   келген коноктор үчүн пайдалуу маалыматтар айтылганын баса белгиледи.