Бишкек шаарынын казысы Биринчи май районунун акими жана мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору менен жолугушуп, жашылдандыруу маселеси талкууланды

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын (КРПМБА) ректору Алмазбек Акматалиев менен жолугушту.

Жолугушууда шаардагы тазалык, диний объектилерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү маселеси каралды. Муну менен катар Биринчи май районунун аймагына таштандыларды бөлүп чогултуу үчүн урналарды орнотуу пландалгандыгы белгилүү болду.

«Алгачкы этапта таштанды контейнерлерине: айнек, кагаз, желим, темир жана тамак-аш калдыктарына атайын маалымат стикери чапталат.Академиянын студенттери шаардыктарга толук маалымат берүү үчүн  тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, китепчелерди таркатышат.Таштандынын кээ бир түрлөрү 100 жылдан 500 жылга чейинки мөөнөттө чирийт, ал эми тамак-аш калдыктары метанды бөлүп чыгарып, полигондо өзүнөн-өзү өрттөнүүгө жана түтүнгө алып келет. Ушуга байланыштуу тамак-аш калдыктарын  кайра иштетүүгө жарамдуу таштандыларды бөлүү шаардын экологиясына тийгизген зыяндуу таасирин азайтат»,- деди Алмазбек Акматалиев.

 Ал эми шаар казысы ислам дини тазалыкка үндөй тургандыгын айтып, тазалык-ыймандан экендигин билдирди.

«Ислам динибизде тазалыкка өзгөчө көңүл бурулган. Адамдын ички (жүрөктүн) тазалыгы жана сырткы тазалыгы болуп, жүрөктү ибадат менен жакшылык иштерди аткаруу менен тазалоого болот. Ал эми сырткы тазалыкты айлана чөйрөнү жашылдандыруу жана таштандылардан арылтуу менен тазалаган болобуз»- деди шаар казысы Атабаев Самидин кары.