Ийри-Суу жана Кулатов айыл өкмөттөрүндө ысырапкорчулукту жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерден кабар алынды

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Мурадыл Тешебаев, уюштуруу-инспектордук, кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Ысакбек Камчыбеков, райондук администрация жетекчиликтери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү КР Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгынын  ишке ашыруу алкагында Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл өкмөтү жана Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө жүргүзүлүп жаткан иштерден кабар алышты.   

Жолугушууда казынын орун басары Алибек ажы Жусупов ысырапкорчулуктун кесепеттери боюнча маалымат берип, КМДБнын фатвасы менен тааныштырды.

«Ысырап бул – чектен ашуу. Ыйык Куранда ысырап кылууга ачык тыюу салынган. Алла Таала биз үчүн эмне пайдалуу да, эмне зыяндуу экендигин эң жакшы билүүчү», – деп билдирди казы орун басары.   

Эскерте кетсек, аталган жолугушуу КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен өткөрүлдү.