Өзгөндүн баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Аксакалдар кеңешинин дин боюнча кеңешчиси Жумагул ажы Маметов менен жолугуп, ишмердүүлүгү менен тааныштырды

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Өзгөн райондук Аксакалдар кеңешинин дин боюнча кеңешчиси Жумагул ажы Маметов менен жолугуп, хатибияттын жаңы идарасы менен тааныштырды.

Жолугушууда райондогу диний абал, президенттин маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдар менен күрөшүү жана адеп-ахлактык нормаларды эл арасына кеңири жайылтуу маселеси каралды.

«Өзгөн хатибияты сиздер менен тыгыз иш алып барабыз жана иштешүүгө даярбыз. Президенттин маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдар менен күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз», – деди Акжол ажы Бакиров.