Ыйык Мекке шаарына Кыргызстандык ажылардын акыркы тобу келди

Ыйык Мекке шаарына Кыргызстандык ажылардын акыркы тобу келди. Ажыларды тосуу саамалыгына 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын кызматкерлери барып, Дауар Кудей районундагы мейманканаларга жайгаштырышты.

«Медина шаарынан Мекке шаарына чейинки аралыкта ажыларга ыйык Харам мечитине кирүү шарттары жана умра кылуунун шарияттагы орду, тартиби түшүндүрүлдү. Муну менен катар Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү графиктерди сактоону түшүндүрдүк»,-деди ажы башчы Абдулла кары Акпарали уулу.

Эскерте кетсек, Мекке шаарына жалпысы болуп 2766 Кыргызстандык жаран ажылык амалын аткаруу үчүн келишти.