Мекке шаарындагы дарыгерлер Азизия районунда жайгашкан мейманканадагы Кыргызстандык ажылардын ден соолуктарын текшеришти

Бүгүн, 24-июнь күнү ыйык Мекке шаарындагы дарыгерлер Азизия районунда жайгашкан мейманканадагы Кыргызстандык ажылардын ден соолуктарын текшеришип, кеп-кеңештерин беришти. Жалпысынан 50 жаранды текшеришип, айрымдарына дары-дармектерди беришти.

«Ыйык Мекке шаарында күн абдан ысык болгондуктан биз мекендештерибизди муздак суу ичпей, аба муздаткычтардан этият болууга чакыруудабыз. Муну менен катар ооруп калган учурда дароо дарыгерге кайрылуу керек экендигин эскертүүдөбүз. Биздин штабда дары-дармектер жетиштүү жана 3 райондогу медициналык пункттарда дарыгерлер иштеп жатышат.  Жарандарыбыздын ден соолуктары көзөмөлдө»,-деди дарыгер Алиса Каракожонова.