Мурзакул кары Осмонов «Имам Хасан» мечитиндеги курулуш иштеринен кабар алды

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов казыят кызматкерлери менен биргеликте «Имам Хасан» мечитинде жүрүп жаткан курулуш иштеринен кабар алып, мечитте эмгектенип жаткан кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди.

«Бул өмүрдөн баарыбыз өтөбүз, артыбызда  иштерибиз калат. Мечит имамынан баштап, курулушка жардам кылган жалпы мусулман бир туугандарыбыздан Алла Таала ыраазы болсун! Эми мечитке тиешелүү документтердин бүтүүсү дагы зарыл» — деди шаар казысы Мырза кары Осмонов.