Баткен облусунун казысынын катышуусунда ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү

Баткен облустук китепканасынын имаратында  облустун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакал жана жаштардын катышуусунда  ысырапкорчулуктун алдын алуу маселеси талкууланды.

Жыйындын катышуучулары  ысырапкорчулукка бөгөт коюу боюнча өлкө башчынын Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан чыккан фатваны  эл арасында биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтышты.

“Ысырапкорчулукту жоюу жана тартипке келтирүү максатында бардыгыбыз аракет кылуудабыз. Ысырапкорчулук элди кедейликке түртүүнүн белгиси жана чексиз ысырап кылуу арам”,- деди Нуридин ажы Мамасабиров

Талкуу Баткен медиа борбору тарабынан түз эфир аркылуу чагылдырылып, жалпы коомчулукка айылтуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.