Өзгөндүн баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Дөң-Булак 2 айылындагы «Ал-Фирдаус» мечитин текшерди

Өзгөндүн баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Дөң-Булак 2 айылындагы «ал-Фирдаус» мечитинин жамааты менен жолугуп, мечиттин тазалыгы, азандын өз убагында айтылышы боюнча текшерүү иштерин жүргүздү.

Иш-чарада Акжол ажы Бакиров жергиликтүү жаматтын диний суроолоруна жооп берип, улут аралык толеранттуулук, ынтымак жана адеп-ахлак боюнча кеп кылды.