Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков Сузактагы имамдар менен жолугушуп, мечиттердин каттоо иштери менен таанышты

Жалал-Абад облусунун казысы  Нематулла ажы Жээнбеков, облус казысынын орун басары Давран ажы Жунусалиев  жана казыяттын мечиттер бөлүмүнүн адиси Бектеналы  ажы Боронбаев Сузак районун баш имам-хатиби жана  имамдары менен жолугушуп,  КМДБнын №1 фатвасын элге жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү, мечиттерди каттоосун аягына чыгаруу маселесин талкуулашты. Облус казы  КМДБнын фатвасын эл арасына жайылтуу, түшүндүрүү  иштерин  күчөтүү боюнча имам-хатибтерге тапшырма берди.

“Бүгүнкү күндө эл арасындагы каада-салт, үрп-адатты туура түшүндүрүп, аны менен катар  маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкерчиликти жоюу жана кыскартуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар буга чейин дагы уланып келген. Бул иш бүгүн дагы уланууда. Келечекте да уланат. Биз сооп табууга аракет кылып, ашыкча чыгымдарды кыскарталы”,-деди  облус  казысы Нематулла ажы Жээнбеков.

Ал эми казыяттын мечиттер  бөлүмүнүн адиси Бектеналы ажы Боронбаев Сузак районунда жалпысынан 236 мечит бар экендигин айтып, 222 мечиттин каттоодон өткөндүгүн билдирди. Учурда  14 мечиттин тиешелүү документ иштери даярдалып жаткандыгын кошумчалады.