“Исмаил ата” борбордук мечитинде 500 айым катышкан семинар өтүп, үй-бүлө баалуулуктары айтылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Суу шаарында жайгашкан «Исмаил ата» борбордук мечитинде айымдарга багытталган семинар өткөрүлдү. Саамалыкка Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, «Ыйман-Бакыт» коомдук фондунун жетекчиси Талант Алмаматов, казыяттын аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамийла Жапашова, КР ДИМК ТАБынын башкы адиси Фурхатбек Адилбек уулу, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, укук коргоо органдары жана шаардагы аялдар катышты.
 

Иш-чарада экстремизм жана терроризмдин алдын алууда аялзатынын ролу жана КР Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашырууда аялдардын салымы жөнүндө сөз болду.
 

«Аялзатына так жана туура маалымат жеткиришибиз керек. Анткени аялдар коомду тарбиялайт. Ислам негизине,  акыйдадан адашкан тайпалар жана алардын опурталдуу көз караштары боюнча эже-карындаштарга ачык-айкын жеткирүү аркылуу көптөгөн үй-бүлөлөрдү так маалымат менен камсыздаган болобуз», – деп билдирди облус казысы.

Ал ошондой эле ысырапкорчулукту токтотууда аялдардын ролу зор экенин белгилеп, пайгамбарыбыздын дарыя жээгинде болсо да сууну ысырап кылбоо боюнча айткан насаатын эске салды.

Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров салттуу ислам чийинен чыгып, өзүнчө бөлүнүп-жарылып жаткан шектүү тайпалар боюнча маалымат берип, Курани Каримдин Аали Имран сүрөсүндөгү «Баарыңар Алланын жибин (динин) гана карманып, бөлүнүп-жарылбагыла! Силер бири-бириңе душман болуп турган учурда жүрөктөрүңөрдүн аралыгын жакындаткан, Анын жакшылыгы менен бир тууганга айланганыңарды эстегиле!», – деген аятты тафсирледи.

Эскерте кетсек, семинар соңунда иш-чарага катышкан айымдарга 300 даана ыйык Курандын маанилеринин котормосу белек кылынды.