Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабы ажы башчыларга жыйын өткөрүп, ажыларды мекенибизге узатуудагы эрежелер менен тааныштырды

Ыйык Мекке шаарындагы 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабы 55 ажы башчыны чогултуп, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү ажылык амалдарынын аткарылышы жана ажылардын аман-эсен Мекке шаарына кайтып келгендиги боюнча маалыматтарын угуп, штаб Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык жана умра министрлиги менен биргеликте бардык шарттарды түзүп берүүгө аракеттердин жасагандыгын билдирди.

Ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев ажы башчыларга ыраазычылык билдирип, Жидда – Бишкек багыты боюнча 19-июлдан тарта 26-июлга чейин ажылар мекенибизге кайта тургандыгын билдирди.

«Кыргызстандык ажыларыбыздын ажылык ибадаттарын Алла Таалам кабыл кылсын. Сиздер ажы башчылык милдетти жоопкерчилик менен аткарып жатасыздар. Эми ажыларыбыз мекенибизге кайта турган убак дагы жакындап келүүдө. 19-июлга чейин ажылар ыйык Харам мечитине каттап, ибадаттарын улантып туруулары керек. Коштошуу тавафын кылгандан кийин кезек-кезеги менен өлкөбүзгө жөнөп кете беришет»,-деди штаб жетекчиси.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев ажыларды мекенибизге узатууда САПтын ажылык жана умра министрлиги бекиткен эрежелер менен тааныштырды.