Өзгөндүн баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров 36806-аскер бөлүгүндө мекенди сүйүү боюнча лекция өттү

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров 36806-аскер бөлүгүндө  ислам динин баалуулуктары, мекенди сүйүү, адап-ахлак жана суицид темалары боюнча лекция өттү.

«Мекенди коргоо жана ага кызмат кылуу ар бир атуулдун милдети. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) ″Мекенди сүйүү ыймандан″ деген хадиси бар. Муну дайым эстеп жүрөлү. Бир жакшы бар журттун камын жейт, бир жаман бар малын жейт. Силер жакшылардан болгула. Абийир, ар намыс, мекен баарынан кымбат»,  — деди Акжол ажы Бакиров.