Кара-Суу районундагы медресе жана окуу борборлорду текшерүү жыйынтыкталып, мүдүрлөргө бир катар тапшырмалар берилди

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Кара-Суу районундагы бир катар медресе жана окуу борборлорду жеринен текшерди. Анын алкагында мекеменин тазалыгы, балдар үчүн түзүлгөн шарттар, ашкана жана жатак бөлмөлөрү көзөмөлдөн өткөрүлдү.

«Азыр аптаптуу жай мезгили. Балдарды ысыктан сактоого катуу көңүл буруп, тамак-аштын тазалыгына жана жаңылыгына көз салыңыздар. Санитардык талаптарды сактап, тазалыкка маани бериңиздер! Казыят пландан тышкаркы дагы текшерүүлөрдү жүргүзөбүз», – деп билдирди казынын орун басары.

Алибек ажы ата-энелер менен тыгыз байланышта болууга чакырып, балдарды кабыл алууда ата-энелеринен арыз же тил кат алуу зарыл экенин айтты.

Белгилей кетсек, аталган текшерүүдө «Абдурахман ибни Ауф», «Имам Абу Ханифа Нуман ибн Сабит аль-Куфи», «Курманжан Датка», «Муслима», «Имам Мухаммад бин Хасан Шайбаний» медреселери жана «Курманжан Датка», «Салиха», «Сармазар» кыздар жана балдар окуу борборлору текшерилип, жетекчилерине ысырапкорчулук жана экстремизмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин пландуу жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.