Сузактын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов “Зухриддин эшен” атындагы мечитинин оңдоп-түзөө иштери менен таанышты

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун баш имам-хатиби Жунус ажы  Исмаилов   “Зухриддин эшен” атындагы мечитинин оңдоп-түзөө иштери менен жеринде таанышты.

Аталган мечиттин дааратканасынын эскилиги жетип, учурда жарандар үчүн жаңы шарттар түзүлүүдө. Муну менен катар мечиттин намаз окуучу аянтын тегиздөө иштери жүргүзүлүп, эшиктери алмаштырылууда.

“Мечитке келген жарандарыбызга жакшы шарттарды түзүп берүүнүн аракетин көрүп жатабыз. Учурда жергиликтүү элдин колдоосу менен оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат”,-деди райондун баш имам-хатиби.