Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров иш сапары менен Зардалыга барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров иш сапары менен  алыскы Зардалы айылына барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту. Эл менен болгон жолугушууда облус казысы диний абал, казыяттын ишмердүүлүгү жана ысырапкерчилик, ынтымактын маанилүүлүгү туурасында баяндама жасады. Муну менен катар облус казысы айылдагы эки мечиттин абалы менен таанышып, элдин диний муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн эки мечитке имам дайындап, жергиликтүү тургундарга  казыят тарабынан атайын белектер тапшырылды.

Иш сапардын алкагында облус казысы  жана казыят кызматкерлери чек-ара кызматкерлери менен жолугушуп,   «Мекенди сүйүү» темасында баяндама жасашты.