Баткен казыяты дин кызматын аркалаган ардактуу аксакалдарга сый-урмат көрсөтүп, майрамдык маанай тартуулады

Баткен облустук мусулмандар казыяты  айт майрамына карата дин кызматын аркалаган  ардактуу  аксакалдарга сый-урмат көрсөтүлүп, майрамдык маанай тартуулады.  Саамалыктын алкагында аксакалдар  үчүн казыят тарабынан ыраазычылык кат, улуттук кийимдер, майрамдык баштыкчалар белекке берилди. Ал эми иш-чара алкагында дин кызматын аркалар жүрүп көз жумган имамдар эскерилип, Куран окулду. Ардагерлер жалпы кыргыз элине тынчтык, өнүгүү, жетекчилерге, аалымдардын иштерине ийгиликтерди тилеп бата кылышты.

«Карысы бардын – ырысы бар. Биз качан  улуу муундарыбызга сый-урмат көрсөтсөк коомубуз оңолот, жаштарга үлгү болот. Андыктан дин жаатына өз өмүрүн арнаган аалымдарыбыздан Жараткан Алла Таала Өзү ыраазы болсун! Мындай саамалыкты жыл сайын өткөрүп турабыз»,-деди Облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.